Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Депутаттык комиссиянын төрагасы дайындалды


Кубанычбек Кадыровго байланыштуу депутаттык комиссиянын төрагасын дайындоодо Жогорку Кеңештин “Регламенти жөнүндөгү” мыйзамы бузулду, деп билдирди парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жана Кубанычбек Кадыровго байланыштуу убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Ирина Карамушкина. Анын айтымында, регламентке ылайык төрага комиссиянын алгачкы жыйынында шайланыш керек эле. Бирок ал “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормоновдун көрсөтмөсү менен эле парламентте бекитилди. Белгилүү болгондой депутат Кадыровду кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү боюнча депутаттык комиссиянын жетекчилигине коммунисттик фракциянын мүчөсү Хаджимурат Коркмазов бекитилген.(AiT)

XS
SM
MD
LG