General Motors өзүнүн Европадагы компаниясы Opelди Канада менен Орусиянын Magna-Сбербанк алянсына сатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркел маалымдады. General Motorsтун жетекчилиги таркаткан билдирүүдө "жакынкы апталарда айрым түйүндүү маселелер чечиле турганы" белгиленет. Атап айтканда, General Motors чыгымдардын ордун толтуруу жагынан профсоюздардан кат жүзүндө макулдук алганы, Opelди кошумча финансылоо боюнча немец өкмөтү менен келишим түзүүнү көздөп жатат. Документке General Motors бир нече айдын ичинде кол коюлат деп үмүттөнүүдө. Алдын ала макулдашылган шарттарга ылайык New Opelдин 55 пайыз акциясын Magna International концерни сатып алат. Акциялардын 35 пайызы General Motorsто калат, калган 10 пайызы жаңы компаниянын кызматкерлерине берилет.