Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Расмий Иран: башаламандыкта 36 адам набыт болгон


Иранда 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин башталган массалык нааразылык акцияларынын натыйжасында 36 адам набыт болгон. Бул тууралуу расмий Тегеран билдирди. Кабарларга караганда, алардын үчөө Тегерандагы абактарда көз жумган. Буга чейин Иран бийлиги башаламандыктар маалында 30га жакын киши набыт болгонун кабарлаган. Иран оппозициясы бийликтин мындай маалыматы менен макул эмес. Алардын ырасташынча, полиция менен кагылышууда оппозициянын 70ке жакын тарапкери мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG