Ирандын өзүнүн өзөктүк программасынын айланасындагы талашты жөнгө салуу тууралуу жаңы сунуштары АКШны канааттандырган жок. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө караганда, Ирандын сунуштары дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун жараткан өзөктүк маселелерди чечүүгө багытталган эмес. Мамлекеттик департаменттин кабарына ылайык, Британия, Германия, Кытай, Орусия, АКШ жана Франция учурда Иранга жооп даярдоодо. Батыш өлкөлөрү жана АКШ Иранды өзөктүк курал жасоодо деп шектенет, расмий Тегеран мындай дооматтарды четке кагып келет. Иранга каршы БУУ да санкцияларды киргизген.