Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Балыкчыда сот башталуунун алдында


Айыпталуучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Балыкчы окуясына байланыштуу камакка алынгандардын сот иши саат 10:00 башталмак. Ушул тапта Балыкчы шаардык сотунун алдына чогулган адамдардын саны көбөйүүдө, алардан тышкары милиция кызматкерлери да арбын жыйылган.

23-июлда президенттик шайлоонун мыйзамсыздыктар менен коштолуп жатканына нааразылыгын билдирип, жергиликтүү администрацияга келген адамдарды милиция камакка алган. Алардын ичинен 14 киши камакка алынып, аларга КР кылмыш жаза кодексинин “президенттик шайлоону өткөрүүгө тоскоолдук кылган”, “Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген” жана “баш-аламандык уюштурган” деген айып тагылган.

Балыкчы окуясына байланыштуу ишти Балыкчы сотунун төрагасы Болот Дүйшөнбиев карап жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG