2001-жылы 11-сентябрда Америкада болгон террордук каргашанын 8 жылдыгын эскерүү үчүн КР мамлекет башчысы Курманбек Бакиев бүгүн “Манас” эл аралык аэропортундагы АКШнын транзиттик борборунда болду. Президентти Американын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гвфеллер тосуп алып, коштоп жүрдү. Курманбек Бакиев эскерүүдө сүйлөгөн сөзүндө 2001-жылы 11-сентябрда болгон каргашалуу окуяда курман болгондорду эскерип, Кыргызстан терроризмге каршы күрөштө сегиз жылдан бери чоң салымын кошуп келе жаткандыгын белгиледи. Ал өз сөзүндө: “Эки ай мурун АКШнын Транзиттик борбору тууралуу келишимге кол коюу менен Кыргызстан терроризмге каршы күрөшүүгө мындан ары да даяр экендигин негиздеди, биздин өлкө чатакташкан тараптарды тынчтыкка чакыруучу ортомчу катары чыгууга, өз аймагында тараптарды бир үстөлгө отургузуп, сүйлөштүрүүгө даяр,” деп билдирди. Курманбек Бакиев ошондой эле Ооганстандагы кырдаал дагы деле курч бойдон калууда, ал жактагы аскерий аракеттер өзүн актаган жок деген пикирин айтып, ошондуктан, дипломатиялык, гуманитардык –саясий-экономикалык жолдор менен бул маселени чечүүгө аракет кылуу зарылдыгын белгиледи.
2001-жыл 11-сентябрдагы Америкага жасалган террордук чабуулдардан кийин кыргыз бийлиги АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасын Манас аба майданында жайгаштырууга уруксат берген. Андан бери келишим эки жолу өзгөртүлүп, соңунда аскердик база Транзиттик борбор деген статуска ээ болгон.(ZKo)