Бир жарым айдан бери айлык акысын ала албаган элүүдөн ашуун куруучулар Бишкекте көп кабаттуу үй куруп жаткан “Шунтар-Бишкек” кыргыз-түрк ишканасынын жетекчилигине нааразылык билдирип иш ташташты. Жумушчулардын бири Кубанычтын “Азаттыкка” билдиргени боюнча ишкана менен түзүлгөн келишим боюнча айлык акы ар айдын 5-күнүнө чейин берилүүгө тийиш. Бирок тиешелүү мөөнөттөн дээрлик бир жума өтүп кетсе да, эмгек акыбызды бербей жатат дейт Кубаныч. Иш таштаган жаштар курулуш ишине июль айынын аягында, август айынын башында тартылышкан, алар менен түзүлгөн келишимге ылайык ишкана жетекчилиги курулушчулардын иштеген ишине карата саатына 1,5-2 АКШ долларын төлөп берүүнү мойнуна алган.
Иш таштаган курулушчулар жаштардын укугун коргоо уюмдарына жана Акыйкатчы институтуна кайрылышкан.
Жаштардын укугун коргоо кыймылынын координатору Гүлшайыр Абдирасулова түрк ишкерлери тарабынан жергиликтүү жумушчуларга айлык акысын бербей создуктуруп, аягында таптакыр бербей койгон учурлар көбөйүп бараткандыгын айтып, бул маселени аягына чейин көзөмөлгө алышарын “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Акыйкатчынын өкүлү иш таштаган жаштар менен жолугуп, курулуш ишканасынын ээлери менен да сүйлөшүүгө жасаган аракетинен майнап чыккан эмес. Ишкана жетекчилиги иш ордунда жок болуп чыккан, ал эми атын атагысы келбеген кызматкер өзүн “кадрлар бөлүмүнүн башчысы” деп тааныштырып, кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тарткан.
Курулушчулар айлык акы колдоруна тиймейинче ишке киришпей тургандыгын билдирүүдө.(ZKo)