Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Балыкчыда мамлекеттик айыптоочу милдетинен баш тартты


Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүүдөгү мамлекеттик айыптоочу Эрлан Мамытканов өзүнүн милдетинен баш тартты. Ал өзүнүн мындай кадамы тууралуу түшүндүрмө берген жок. Соттук териштирүүнүн башында айыпталуучулардын адвокаты Азимбек Бекназаров шаардын прокурору Аким Айтбаевге бул иште мамлекеттик айыптоочу катары катыша албасын эскертип, соттон аны четтетүүнү өтүндү. Адвокаттын айтуусунда шаар прокурору 23-июлда кишилерди камакка алган учурда өзү катышкан, ошондуктан, бул иш боюнча күбө катары өтүүгө гана укугу бар. Адвокаттын өтүнүчүн сот Болот Дүйшөнбиев канааттандырды, деп маалымдады жергиликтүү кабарчыбыз Рита Нурманбет кызы.

Учурда сот мамлекеттик айыптоочу милдетинен баш тарткан Эрлан Мамыткановдун өтүнүчүн өзүнчө кароодо. Балыкчы окуясына байланыштуу соттук териштирүү бүгүн уланар-уланбасы азырынча белгисиз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG