“Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча Кумтөр компаниясынын иш-аракеттерине нааразы болгон жүзгө чукул киши: Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Тосор, Тамга айылдарынын тургундары ишкананын Барскоондогу кеңсесинин алдында акция өткөрүп жатышат. Алар кыргыз алтынын казып жаткан канадалык ишкананын иш-аракеттери элге ачык-айкын болушун, элдин өкүлдөрүн ишкананын президенти Роберт Вандер кабыл алуусун, компаниянын эл менен байланышуучу менеджери Керим Шатмановдун кызматтан кетүүсүн, кадр маселесинде коррупция токтотулуусун, Кумтөр компаниясы тарабынан элге берилген убадалар аткарылуусун, “Кумтөр Эл айкын” фонду ишин токтотуусун талап кылышууда. Акцияга чыккандар бир жуманын ичинде талаптары аткарылбаса Барскоон-Кумтөр жолун тосушмакчы.
Пикетке чыккандарга Жети-Өгүз районунун прокурору жана Коопсуздук кызматынын жетекчиси келип, акцияны токтотууну талап кылышууда. Акциянын катышуучулары компания жетекчилигинен өкүлдөр келмейинче кетпей тургандыгын билдирип турушат.(ZKo)