Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Кара-Көл шаарынын мэри алмашты


КР президенти Курманбек Бакиевдин 11-сентябрдагы жарлыгы менен Кара-Көл шаарынын мэри Толкунбек Молдомуров кызматынан бошотулду. Ал “жергиликтүү бийлик тууралуу” мыйзамдын 38-беренесинде көрсөтүлгөндөй анын милдетин өтөп бүткөнү үчүн иштен алынды.

Мамлекет башчынын ушул эле күнкү дагы бир жарлыгы менен Тагайбек Казакбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тагайбек Казакбаев буга чейин Бишкектеги Ленин районунун акиминин орун басары болуп иштеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG