Учурда буга байланыштуу мыйзам долбоору иштелип жатканын, ал жакын арада Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөөрүн Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Назгүл Ташбаева билдирди. Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды карагандарга буга чейин эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Мыйзам долбоордо майып адамды карап, иштей албаган адамдарга атайын жөлөк пул чегерип берүү, пенсияга эртерээк чыгаруу, камсыздоо фондун түзүү сыяктуу жагдайлар каралган. (КЕ)