Ушул тапта Ички иштер министрлигинин 126 тергөөчүсү иликтөө, кылмыш ишин козгоо, криминалдык, генетикалык жана трасологиялык экспертиза жүргүзүү багытында окуп, билим деңгээлдерин жогорулатып жатышат. ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окууда оор кылмыштарды ачуу жана балдар кылмыштуулугун иликтөөгө көңүл бурулат. Төрт күнгө созулган окууда ИИМдин Академиясынан криминалистика кафедрасынын жетекчиси, министрликтин ушул багыттагы адистери сабак өтөт. Ысык-Көл облусунда ОБСЕнин көмөгү алдында өтүп жаткан бул окууну калган облустарда да өткөрүү пландалууда. (КЕ)