Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Каспий боюндагы өлкөлөр бейформал саммитке чогулду


Эки күндүк жыйын Казакстандын Актау шаарында өтүүдө. Ал жерге Каспий боюндагы беш өлкөнүн төртөөсү: Азербайжан, Казакстан, Орусия, Түркмөнстандын лидерлери чогулду. Иран бейформал саммитке чакырылган эмес. Актауга келээр алдында орус жана казак президенттери Дмитрий Медведев менен Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде энергия маселесин Оренбург шаарындагы жолугушусуна талкуулашты. Ирандын тышкы иштер министри Манучекир Моттакинин сөздөрүнө караганда, Актаудагы эки күндүк жыйын мурдагы макулдашууларды бузгандык болуп эсептелет. Каспийдин тегерегиндеги беш өлкө деңиздин мунай жана газ байылыктарын кантип бөлүштүрүү боюнча азырынча мунсага келе элек.

XS
SM
MD
LG