Бул соңку жети айдан бери Израилдин аймагынын Ливан тараптын биринчи ирээт ракета менен атылуусу болду. Буга жооп ирээтинде Израиль Ливандын түштүгүн артиллерия менен атты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ракета Нахария деген шаардын жанына түшкөн. Андан жабыр тарткандар катталган жок. Ливандын түштүгүндө шийиттердин “Хезболла” уюмунун согушкерлери жайгашкан. Израиль “Хезболла” менен 2006-жылдын жайында бир ай бою согушкан болчу. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун ракета атылуусун айыптады.