Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

АКШ 11-сентябрдагы террордук чабуулдун курмандыктарын эскерди


2001-жылдын 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерүүнүн башында кечээ президент Барак Обама өзү турду жана Пентагондогу эскерүү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттар “ал-Каидага” каршы күрөштөн эч убакта тайсалдабай турганын белгиледи:

-Биз бул варвардык ишти жасагандарга жана бизге азыр да кутум уюштуруп жаткандарга каршы жаңы күч жана кайрат менен аракеттенебиз. Элибизди коргоодо биз эч убакта солкулдабайбыз. “Ал-каиданын” жана анын экстремист өнөктөштөрүнүн артын сая түшүүдө биз эч убакта тайсалдабайбыз.

Ал эми Ньюй-Йоркто 11 –сентябрдын сегизинчи жылдыгына арналган эскерүү жыйыны Дүйнөлүк соода борбордун ураган мунараларынын ордунда өткөрүлдү. 2001-жылдын 11- сентябрында жанкечтилер карактаган жүргүнчү учактардын Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борбордун көк челген кош мунарасына урулуусунан жана Пентагондун имаратына, Пенсильвания штатынын аймагына кулоосунан 3000дей адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG