Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:42

Вице-спикер өкмөт башчыга кат жолдоду


Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков өкмөт башчы Игорь Чудиновго жолдогон кайрылуу катта республика боюнча оруу-жыюу мезгилиндеги күйүүчү-майлоочу майлардын бааларынын өсүшү боюнча тынчысызданып жаткандыгын билдирген. Ал ошондой эле Ысык-Көлдүн тегерегиндеги тазалоочу жайлардын азыркы оор абалына, бул маселеге каражат 2 жылдан бери каралып жатканы менен ушул күнгө чейин чечилбей келе жатканына токтолгон. Вице-спикер экология көйгөйлөрү болгон автоунаалардан чыккан газдардын чыгуусуна көңүл буруп, аны азайтуу маселесин көтөргөн. К.Исабеков райондордогу, айылдардагы башкы планы жок баш-аламан курулуштар тууралуу айтып, суу сактагычтарга олуттуу көңүл бурууга чакырган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG