Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

ИИМ: Бир суткада 172 кылмыштын бети ачылды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 11-сентябрда республика аймагы боюнча тартип коргоо кызматкерлери тарабынан 172 кылмыштын бети ачылды. Ички иштер бөлүмдөрү мурда жасалган 36 кылмыштын бетин ачты. 10-сентябрда Өзгөн райодук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш аракетинин жүрүшүндө Зергер айылынын тургуну М. үйүнөн 1кг.950 грамм маң заты табылган. Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Жылуу-Булак айылынын тургуну Х.С.үйүнөн 22 кг.500гр. марихуан жана 20 гр. гашиш табылган. Бул иштер боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG