Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Т.Тургуналиев: Куугунтук репрессияга жетти


Президент Курманбек Бакиевдин башкаруу системасын реформалоосу майнапсыз, натыйжа бербейт.Бул тууралуу БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, эки президент реформа деген сөздүн өзүнүн тарпын чыгарып жиберди. “Аскар Акаев беш референдум өткөрүп, 1993-жылдагы демократиялык Конституцияны түп тамырынан өзгөртүп, авторитардык үй-бүлөлүк бийликтин Конституциясына айлантып жиберди. Ал эми Курманбек Бакиев андан дагы ары кетип, бул дагы референдум өткөрүп, жеке үй-бүлөлүк бийликти эбегейсиз күчөтүп, авторитардык бийликти тоталитардык диктатурага айлантып жиберди. Куугунтукту репрессияга жеткирди. Мына ушу бүгүнкү саясий абал”,-деди Т.Тургуналиев.
Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутат Ажыбай Калмаматов болсо Топчубек Тургуналиевдин пикири менен макул эмес. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртүү демилгеси боюнча алдын ала эле андай болот, мындай болот деп бир жактуу айтып, жөнсүз сындоонун кажети жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG