Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Ө.Текебаев Стокгольмго конференцияга барат


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев октябрь айында Швециянын баш калаасы Стокгольмго шведдердин социал-демократиялык партиясынын чакырыгы менен жылдык конференциясына барып катышып, бир нече жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле Ө.Текебаевди Социнтерн жогорку кызматка чакырып жатыптыр деген маалыматты четке кагып, ал Кыргызстандан эч жакка кетпестигин билдирди. Буга чейин айрым басылмалар Өмүрбек Текебаевге Социнтерн жогорку кызмат сунуштап, аны Кыргызстандан чыгып кетет экен деген маалыматты таратышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG