Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Венесуэла Россиядан ракета сатып алат


Венесуэла аскерий кызматташуу жөнүндөгү келишимдин алкагында Россиядан кыска аралыкка учуучу ракеталарды сатып ала баштайт. Бул тууралуу президент Уго Чавес билдирди. Жума күнү Каракаста сүйлөгөн сөзүндө Чавес, бирок канча ракета алынаарын жана алардын баасын тактаган жок. Венесуэла президенти Африка, Азия жана Европанын бир катар мамлектетерин, анын ичинде Россияны кыдырып, мекенине 11-сентябрда кайтты. АКШнын катуу сынчысы катары белгилүү солчул Чавестин тушунда, айрым кабарларга караганда, Венесуэла орустардан жалпы жонунан 4 миллиард долларга курал-жарак сатып алган.

XS
SM
MD
LG