НАТО өз аскерлери арасындагы жоготууларды алдын алуу үчүн оогандык журналисттин сөөгүн калтырып кетүүгө мажбур болгонун ырастады. Окуя шаршембиде Кундуз вилайетинде Батыш журналистин бошотуу операциясы учурунда орун алган. "Нью-Йорк таймс" гезитинин кабарчысы Стефен Фаррелл азат кылынып, анын жергиликтүү кесиптеши Султан Мунадинин өлүмү бышыкталгандан кийин НАТО күчтөрү козголоңчулардын тынбаган ок жаадыруусунан улам, чегинүүгө мажбур болушкан, - делинет Түндүк альянстын билдирүүсүндө. Операция маалында британиялык бир жоокер окко учту. Оогандык журналисттердин уюму Мундинин сөөгүн таштап салгандыгы үчүн НАТОну айыптаган. Операция барымтага алынган эки адамга эки башка мамиле кылынганын далилдейт, - деп эсептешет жергиликтүү журналисттер. Фаррелл жана Мунади 1 жума мурун НАТОнун аба соккусунан жабыркаган айылдын тургундары менен сүйлөшүп жаткан жеринен уурдалып кетишкен.