Вашингтондо миңдеген адамдар президент Барак Обаманын саламаттыкты сактооо тармагын реформалоо долбооруна каршылыгын билдирип көчөгө чыгышты. Консервативдүү уюм уюштурган акциянын катышуучулары Обаманын саясаты АКШны социализмге жана банкроттукка алып келет деген кооптонууларын айтышты. Анын аралыгында президент Миннеаполис шаарында 10 миңдей адамдын алдында сүйлөп, долбоорун коргоду. Обама, асыресе, медициналык камсыздандырууда мамлекеттин ролун күчөтүүнү сунуш кылган. Анын долбоору мыйзамга айлануу үчүн адегенде Конгресс тарабынан жактырылууга тийиш.