Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Элтон Жон украиналык баланы асырагысы келет


Англиялык поп-ырчы жана композитор Элтон Жон украиналык 14 айлык баланы асырап алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ырчы ишембиде Донецк шаарындагы жетимдер үйүнө барганда айтты. Ал жердеги балдардын кээ бирлеринин ата-энелери СПИДден көз жумган. Пресс-конференцияда Жон Лев аттуу жетим баланы багып алууну каалаарын айтып, бирок ал канчалык мүмкүн экенинен күмөн санаганын жашырган жок. Ырчы бир нече жылдан бери Дэвид Форниш деген киши менен жашап жүрөт. 62 жаштагы Жон эң ийгиликтүү өнөрпоздордун катарына кирет. 40 жылдын ичинде анын 200 миллиондой альбому сатылган. Ырчы Донецкиге СПИДге каршы соопкерчилик корунун чакыруусу менен барган.

XS
SM
MD
LG