Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Сегиз ай аралыгында өлкө бюджети өсүш көрсөттү


Каржы министрлигинин билдиргени боюнча, алдын ала эсептөөлөргө караганда өлкө бюджетине ушул жылдын сегиз ай аралыгында түшкөн каражаттын өлчөмү 34,5 миллиард сомду түздү. Бул сумма ичине Кумтөр алтын кенинен түшкөн каражат да кошулат. Кумтөрдөн келген каражатты кошпогондо жалпы пайданын өлчөмү 33,3 миллиард сомго барабар болду.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттеги пайда 16,8 пайызга өстү, же болбосо 4,8 миллиард сомго көптүк кылды. Бюджеттеги пайданын өсүшү Орусиядан келген грантка да байланыштуу болду. Бюджетке түшкөн каражаттын негизги бөлүгүн салыктан түшкөн каражаттар түзөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG