Бүгүн Тегеранда июндагы президенттик шайлоодон кийинки массалык нааразылык акциясынын катышуучуларынын соту уланат. ИРНА маалымат агенттигинин кабарлашынча, соттук угууларга чет элдик журналисттер киргизилбейт, бирок айрым ирандык кабарчылар катышат. Иранда 12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин массалык башаламандыктарга байланыштуу 140 демонстрант сот жообуна тартылууда. Оппозиция бул соттук угуулуарды “маскарапоздук” деп сынга алууда.