Бүгүн Бишкектеги “Хаят” мейманканасында Экономика жана соода министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте Кыргызстандагы ишкерликти жеңилдетүү боюнча 2010-жылга программасын бет ачаары болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Кыргызстан ишкерликке шарт түзүү боюнча алдыңкы реформатор өлкөлөрдүн катарына чыгууда. Эгерде өткөн жылы бул көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан 183 өлкөнүн ичинен 68 орунда болсо, быйыл 41 орунга жеткен. Кыргызстан өзгөчө “Бизнес ачуу”, “Курулушка уруксат алуу”, “Менчикти каттоо” жана “Жумушчу күчүн ишке алуу” боюнча алдыга чыккан. Экономика жана соода министри Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт мындан ары салык жана инфраструктура багытында ишкерликке шарт түзүүнүн үстүндө иш жүргүзөт..(AiT)