Ал жолугушууга Кыргызстандан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев катышууда. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Кадырбек Сарбаев бүгүнкү күнү Брюсселде жана Европа Биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат. Жолугушууда тараптар регионалдык коопсуздук, Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү, дүйнөлүк финансылык кризис жана энергетикалык, экологиялык, суу ресурстарына байланыштуу маселелерди талкуулашат.(AiT)