Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Жалал-Абатта каракчылар кармалды


Шаардык милиция Жалал-Абат шаарында түнкүсүн жалгыз бой жүргөн адамдардын чөнтөк телефондорун жана башка баалуу буюмдарын тоноп жүргөн жаштардын каракчылар тобун колго түшүрдү. Алар Жалал-Абат мамлекеттик университети менен Ишкерлик университетинин беш студенти болуп чыгышты. Тартип сакчылары алардын айыбына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Каракчылардан жабыр тарткан жарандар бир жарым айдан бери милицияга кайрылып келишкен. Жалал-Абатта соңку айларда жаштардын жаңжалы токтой элек. Өткөн айда эки адамдын мушташуусу жаатташкан тараптардын чатагына айланып кетээрде ал жаңжалды милиция токтотуп калган.(YA)

XS
SM
MD
LG