Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

К.Бакиев алтын медаль менен сыйланат


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен жолугушат. Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү көп улуттуу элдин биримдигин сактап, улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн президент Курманбек Бакиев коомдук бирикменин жогорку сыйлыгы “Кыргызстан элдеринин ассамблеясы” алтын медалы менен сыйланат. Маалыматтарга караганда быйыл Кыргызстан элдеринин ассамблеясына 15 жыл толот. 2006-жылы Курманбек Бакиев аталган ассамблеянын ардактуу төрагасы болуп шайланган. (AJ)

XS
SM
MD
LG