АКШ президенти Барак Обама каржы кризисинен биротоло баш көтөрдүк деп айтуу али эрте, андыктан банкирлер кеңпейилдик көрсөтүүдөн этият болгону оң деп билдирди. Бул тууралуу Обама жалпы улутка кайрылуусунда айтты. Нью-Йорктогу финансы институттары жайгашкан Уол Стрит көчөсүндөгү Федерация залында чыгып сүйлөгөн Барак Обама ал жерде чогулган банкирлерди бүткүл дүйнөнү каптаган экономикалык кризистен чыгууга жардам көрсөтүүгө үндөдү. Азыркы кризиске алып келген жоопкерчиликсиз жүрүш-туруш, жалаң ачкөздүк жана килейген сыйлыктарга азгырылган системаны өзгөртүү зарыл, ал үчүн мыйзамдарды реформалоо керек деп сунуш кылды Барак Обама.