Адвокат Сартбай Жайчыбековдун Балыкчыдан билдирүүсүнө караганда, бүгүн саат 10:00 до Балыкчы шаардык сотунда 23-июлдагы Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарга каршы козголгон кылмыш иши карала баштады. Жалпысынан 19 кишинин жоопкерчилиги каралууда.Оппозиция лидерлери соттук териштирүүгө адвокат жана коомдук коргоочу катары катышып, айыпталып жаткандар таза жана адилет шайлоо талабы менен гана Балыкчы мэриясына чогулганын билдирүүдө. Ал эми тартип коргоо органдары айыпталып жаткандарга массалык баш-аламандыкка катышкан, конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенген жана шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук жасаган деп айыптоодо. (AiT)