Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

К.Бакиевге алтын медаль тапшырылды


Бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын алтын медалы тапшырылды. Ассамблеянын жетекчиси Жаңыл Түмөнбаева мындай сыйлык президентке өлкөдө тынчтыкты, этностор аралык ынтымакты жана Кыргызстандын элинин биримдигин сактоо ишине кошкон чоң салымы үчүн ыйгарылгандыгын белгиледи. Өз кезегинде президент ыраазычылык билдирип, бул сыйлыкты Кыргызстан элинин биримдигин, коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө боюнча жалпы аракетке берилген жогорку баа катары кабылдаарын айтты. «Жогорку Курултай коомду демократиялаштыруу жолунда жасалган дагы бир кадам болуп калмакчы. Коомдун бардык катмарларынын — бардык диаспоралардын, конфессиялардын, саясий партиялардын — ортосундагы диалог ушундай структуралар аркылуу жүргүзүлөт. Биз аталган диалог конструктивдүү болуп, анын негизинде өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнө көмөкчү боло турган, коомду биримдикке сүрөгөн чечимдер кабыл алынуусуна болгон күч-аракетибизди жумшайбыз", — деп белгиледи президенти Курманбек Бакиев. (AiT)

XS
SM
MD
LG