Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Чочко тумоосуна каршы аракеттер көрүлүүдө


Кыргызстан саламаттык сактоо министринин орун басары Сабыржан Абдыкаримовдун бүгүн маалымат жыйынында билдирүүсүнө караганда, чочко тумоосунун жайылышы боюнча дүйнөдө чыңалган абал сакталууда. Жалпысынан 277 607 ашуун кишиге A/H1N1 вирусу жугуп, 3205 адам каза тапкан. Кыргызстанда чочко тумоосу үч адамга жукканы аныкталып, алар айыгып чыгышты. Кыш айларында тумоонун каптоо коркунучу болууда. Буга байланыштуу саламаттык сактоо министрлиги вируска каршы дарыларды,атайын каражаттарды даярдады. Андан сырткары Бишкек, Ош аба майданында, Ак-Жол санитардык-көзөмөлдөө бекетинде оорулардын жогорку температурасын аныктай турган жабдуулар орнотулду.(AiT)

XS
SM
MD
LG