Өкмөттөн мусулман аялдардын борборун курууга жер бөлүп берүүсүн өтүнгөн катты “Мутакалим” коомдук бирикмеси даярдап жатат. Бул тууралуу бирикменин төрайымы Жамал Фронтбек кызы бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. “Мусулман аялдар чогулуп сыйынууга жана исламдын негиздерин билгиси келген аялдарды окутууга мындай борбор зарыл болуп турат. Көптөрү маалымат жоктуганан башка уюмдарга кошулуп кетип жатышат”, - дейт Ж. Фронтбек кызы. Ал борбордо “Хизб-ут Тахрир” уюумуна кирип кеткен эркектердин аялдары жана ар бир үй-бүлө менен даректүү иштөө пландалып жатканын айтты. Ошондой эле бир борборго чогулуу көптөгөн мусулман аялдардын суроосунан улам келип чыкканын жана курууга демөөрчүлөр бар экенин билдирди. (КЕ)