Аксы районунун акими Талант Орозовдон алынган маалымат боюнча, район менен Өзбекстандын ортосунда тактоого муктаж 11 жер бар. Коңшу өлкөнүн техникалары өз чек арасында аң казууларын улантууда. Өткөн аптада райондун Бай-Кыштак айылынан 10 метр жер казылып, кошуналардын аракети жергиликтүү бийликтин жана чек араны тактоочу комиссия өкүлүнүн күчү менен токтотулган. Өзбекстан аталган айылдан өз жарандарын чыгарып кетти. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу бул кыштакта талаш жайлардын бири жана Аксыдагы чек аранын абалы менен кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Алманов да таанышып кетти. (YA)