Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Нарында маңзат айдагандар кармалды


Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл округундагы Сары-Коо жеринен 30 сотых аянтка баңги зат айдап өстүрүп жаткан эки жаран ички иштер кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Талас облусунун Кара-Буура районунан келген 28 жана 39 жаштагы эки атуул жергиликтүү тургун Аскарбек Мукеевдин үлүш жеринен бир гектарды 1 000 сомго май айында ижарага алышып, ал жерге баңги зат өсүмдүгүнүн уругун себишкен. Мындай маалыматты билдирген Нарын облустук ички иштер башкармасынын өкүлү Руслан Осмоналиев Таластан Ат-Башыга “таалай” издеп келгендер тергөө абагына камалгандыгын, 30 сотых «Канабис» баңги зат аянты өрттөлгөндүгүн айтты. (KUs)

XS
SM
MD
LG