Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

Жакынкы Чыгышта тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кайтуу аракети көрүлүүдө


Бүгүн Иерусалимде АКШнын жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Жорж Митчелл Израилдин жана Палестинанын лидерлери менен жолугушуп жатат. Басылып алынган Чыгыш Иерусалим менен Йордан дарыясынын батыш жээгине жөөттөрдү отурукташтыруу маселеси - сүйлөшүүлөргө тоскоол болуп жаткан негизги көйгөйлөрдөн. АКШ Израилди ал жактарга жөөт үй-бүлөлөрүн отурукташтырбоого чакырган, бирок израилдик премьер-министр Б.Нетаньяху муну четке кагып келди. Палестиндиктер болсо аймак толук бошотулмайын, сүйлөшүүгө да катышпай тургандыктарын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG