Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Балыкчыда сот жараяны улантылат


Бүгүн Балыкчыда 23-июлдагы окуя боюнча соттук териштирүү улантылат. Кечээги соттук отурумдун башталышында жактоочулар абактагы 12 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн коюшту. Милиция өкүлү да бөйрөгү оорулуу жана ачык кургак учук менен ооруган эки кишини камактан бошото турууну колдоду. Бирок сот адвокаттардын өтүнүчүн четке какты. Мына ошондон кийин жактоочулар ишти карап жаткан Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Болот Дүйшөнбаевге ишеним көрсөтпөй турганын жарыялашты. Сот алардын дооматтарын четке кагып, сот жараянын улантып айыпталып жаткан 19 адамдын айыбын угузду. Мамлекеттик айыптоочулар аларды “23-июлда президенттик шайлоону өткөрүүгө тоскоолдук кылган”, “Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген” жана “Баш-аламандык уюштурган” деген беренелери боюнча айып тагууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG