Беларус парламенти Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу тууралуу маселени карайт. Бул тууралуу Беларус президенти Александр Лукашенко Литвага сапары маалында билдирди. Лукашенконун айтымында, парламент бул маселе боюнча чечимди калктын пикирин эске алуу менен кабыл алат. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Лукашенко Орусия бул маселеде Беларуска кысым көрсөтпөгөнүн кошумчалады. Москва өткөн жылы Грузия менен согуштан кийин Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган.