АКШнын Улуттук банкы болуп эсептелген Федералдык резерв системасынын жетекчиси Бен Бернанке экономикадагы рецессия бүткөн болушу ыктымал деп билдирди. Бирок кризистин кесепеттери өзгөчө 15 миллион жумушсуз америкалыктар үчүн дагы көпкө чейин байкалат деп кошумчалады Бернанке. Анын маалыматына ылайык, экономиканын бара-бара өсүшүнө карабастан, жумушсуздуктун деңгээли он пайызга жетет.