Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Маллен: “Ооганстанда аскерлерди көбөйтүү зарыл”


Ооганстандагы согушта жеңишке жетүү үчүн америкалык жоокерлердин санын көбөйтүү керек. Бул тууралуу АКШнын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен билдирди. Куралдуу күчтөрдүн иши боюнча Сенаттагы комитеттин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, Майк Маллен “Талибан” кыймылына эффективдүү каршылык көрсөтүү үчүн аскерлердин санын көбөйтүү зарыл болгонун белгиледи. Ушул тапта Ооганстанда 65 миң америкалык жоокер кызмат өтөйт.

XS
SM
MD
LG