Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

БУУнун комиссиясы Израилди айыптады


БУУнун комиссиясы ушул жылдын башында Газа тилкесиндеги операция маалында “ашыкча күч колдонгон” деп Израилди айыптады. Комиссиянын отчетунда израилдик жоокерлердин бир катар аракеттери аскердик кылмыш катары бааланары айтылат. Докладда жоокерлер жайкын тургундарга атайын кол салганы жана аскер туткундарына карата орой мамиле жасаганы белгиленет. Израил БУУнун комиссиясынын мындай тыянагын четке кагып, аны “бир тараптуу түзүлгөн” деп билдирди. Газа тилкесиндеги операциянын жүрүшүндө 1400 палестин набыт болгон.

XS
SM
MD
LG