Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Балыкчыда соттук териштирүү улантыла баштады


Адвокат Сартбай Жайчыбековдун Балыкчыдан “Азаттыка” бүгүн билдирүүсүнө караганда,Балыкчы шаардык сотунда 23-июлдагы окуя боюнча соттук териштирүү улантыла баштады. 15-сентябрда ишти карап жаткан судья Болот Дүйшөмбиев абактагы 12 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан. Бүгүнкү соттук териштирүүдө айыпталып жаткандар суралат. Балыкчыдагы соттук жараянга айрым оппозиция лидерлери адвокат жана коомдук коргоочу катары катышууда. Алмазбек Атамбаевдин Балыкчыдагы тарапкерлери 23-июлда президенттик шайлоо күнү шайлоо участкасына жана Балыкчы шаардык мэриясына келип, таза жана адилет шайлоо талап кылышкан. Мэриянын алдында милиция менен кагылышуу болуп, ондогон адамдар кармалган. Тартип коргоо органдары аларга конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө, шайлоону бузууга аракеттенген жана массалык баш-аламандык жасаган деп айып коюуда.(AiT)

XS
SM
MD
LG