Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

“Ак жол” “Курал жөнүндө” мыйзамды колдоду


Бүгүн “Ак жол” фракциясынын жыйынында “Курал жөнүндөгү” мыйзамга кошумча жана киргизүү боюнча долбоор талкууланып, сунушталган долбоор боюнча депутаттарга ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев маалымат берди. Министрдин орун басарынын айтымында, мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү менен сыйлыкка берилген куралдарды көзөмөлдөөгө жол ачылат. Азыркы мезгилде сыйлыкка берилген 1258 курал бар. Алар жаңы мыйзамга ылайык ар бир беш жылда атылып, текшерилип турууга тийиш. Талкуунун жүрүшүндө Талантбек Исаев сыйлыкка берилген курал менен быйылкы жылы үч ирет кылмыш жасалганы аныкталганын белгилей кетти. Фракция сунушталган өзгөртүү жана кошумчаларды жактырды. Эми ал Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда каралмакчы.(AiT)


XS
SM
MD
LG