Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Ооган шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы жарыяланат


Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын бүгүн жарыялаганы жатат. Добуштардын 54 процентин алган президент Хамид Карзай азырынча алдыда баратат. Анын негизги атаандашы Абдулла Абдуллага шайлоочулардын 28 проценти ишеним көргөзгөн. Бирок добуш берүүдө мыйзам бузууларга жол берилген деген ырастоолор көп айтылууда. Европа биримдигинин байкоочулар миссиясынын өкүлү 1 жарым миллионго жакын добуш бурмаланган болушу ыктымал, деп билидирди. Димитра Иоаннунун айтымында, шектүү делинген добуштардын ири бөлүгү Карзай үчүн берилген.

XS
SM
MD
LG