Жуналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу иш тергелип бүтүп Ноокат райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Маалыматка караганда, бул иш 30-сентябрда Ноокат райондук сотунда судья Сатыбалды Ташпаевдин төрагалыгында каралышы күтүлүүдө. Алмаз Ташиевдин өлүмүнө себепкер делип шектелип Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Шүкүр Нурматов менен Нургазы Баатырбек уулу Кылмыш Жаза Кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүгү жана 305-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айыпталууда. 4-июлда Шүкүр Нурматов жана милициянын кенже лейтенанты Нургазы Баатырбек уулу А.Ташиевди Жаңы-базар айылдык милиция бөлүмүнө алып барышып, катуу сабаган. Ал жерден алган жараатынан улам А.Ташиев 12-июлда Ош облустук ооруканасында көз жумган. (AJ)