Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Равшан Азизовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү


Равшан Азизов Ош шаарында Хизб-ут-тахрир радикалдуу диний партиясынын лидерлеринин бири деген шек менен 15-сентябрда камакка алынган. Милиция анын үйүн тинтүү учурунда экстремисттик мазмундагы адабияттар жана ок атуучу курал табылганын маалымдоодо. Учурда буга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат, ал эми Равшан Азизов эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камакка алынды.

Айрым жергиликтүү укук коргоочулар Равшан Азизовдун кармалышын анын жарандык активдүүлүгү менен байланыштырып, күч органдары бийликти сындагандарды ушундай жол менен сындыруу аракетин жасап жатат деп эсептешет.

Равшан Азизов Оштогу “Акыйкат сот-чындык” бейөкмөт уюмунун мүчөсү.(ATo)

XS
SM
MD
LG