Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

“Авалон” аба компаниясынын сертификаты алынат


Жарандык аба департаментинин башчысы Александр Настаев учуулардын коопсуздугуна арналган жыйында билдиргени боюнча үстүбүздөгү жылдын май айында “Ан” жана “Ил” үлгүсүндөгү учактарынын кыймылдаткычтары иштебей калган. Буга байланыштуу учактарды техникалык жактан тейлеген “Авалон” аба компаниясы мындан ары иштөөгө укуксуз деп табылганын белгилеген А. Настаев аталган ишкананын сертификатын бүгүн эле чакыртып аларын кошумчалады.
Жыйында айтылгандай учурда Кыргызстанда жогорку адистиктеги учкучтар өтө аз. “Эгер бир учкуч ишке чыкпай калса, анын ордун алмаштырууга киши жок”, деп билдирди Жарандык аба департаментинин башчысы А. Настаев.

Кыргызстандын аба каттамдары Евробиримдиктин кара тизмесине киргизилген. Өткөн жылы 24-августта “Итек эйр” аба компаниясына тиешелүү “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан учууга көтөрүлүп, бирок саналуу мүнөттөрдөн кийин кулап түшкөн. Натыйжада 65 киши каза тапкан.
Быйылкы жылдын эсебинен эки жолу кыргызстандык аба компанияларга тиешелүү учактар бири Сауд Аравиясында, бирөө Казакстанда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам конууга аргасыз болушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG