Оштогу «Мыйзам жана тартип» укук коргоо борборунун директору Изатилла Рахматуллаев «Азаттыкка» маалымдашынча, кечээ, 16-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын Кара-Суу районуна караштуу Сүрөө-Таш айылына куралчан кирип, жергиликтүү калкты «эл аралык үналгыларга биз жөнүндө айтыпсыңар, мунуңарды токтотпосоңор, силерге тынччылык бербейбиз!» деп коркутуп, айрымдарынын керектүү буюм-тайымдарын көтөрүп кетишкен. Укук коргоочунун кошумчалоосуна караганда, жогорудагыдай окуялар көп кайталангандыктан, сүрөөташтыктар жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылуу жолдошкон, бирок өтүнүчтөр жоопсуз бойдон калууда.
Ал эми Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Абдысатар Шаятов чек арачыларынын жоруктары туурасында Өзбекстан тарап кабардар экендигин, мындан тышкары сүрөөташтыктардын маселеси Ош облус губернаторунун жана Жогорку Кеңештин алдына кабыргасынан коюлгандыгын маалымдады. (ATo)