Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Былтыр 21 миңден ашуун студент окуудан чыгарылды


Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары Садыр Жапаров бул тууралуу Астанада өтүп жаткан “Батыш Европа жана Борбор Азиядагы коррупцияга каршы күрөшүү жана экономикалык, социалдык өнүгүү үчүн үлгүлүү башкаруу” аттуу эл аралык конференциясында бүгүн билдирди. Жапаровдун берген маалыматына ылайык, 2008-2009-окуу жылында Билим берүү министрлиги жана Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин биргелешкен текшерүүсүнүн натыйжасында окуудан качкан жана жетишпеген, акча берип же өң-тааныштык менен окуганга кыныккан 21 миң 320 студент окуудан чыгарылган. Бул Кыргызстандагы жалпы студенттердин 10 % түзөт. Садыр Жапаров ошондой эле бул жыйында кыргыз билим берүү системасы коррупцияга батканын да белгилеп өттү. (EK)

XS
SM
MD
LG